Чет өлкөгө окууга жөнөтөм деп 87 миң сом алган компания акчаны кайтарды

Чет өлкөгө окууга жөнөтөм деп 87 миң сом алган компания акчаны кайтарды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жарандан чет өлкөдө билим алуу боюнча кызмат көрсөтүүгө байланыштуу түшкөн кайрылуу каралды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө керектөөчү менен уюмдун ортосунда чет өлкөдөгү окуу жайына кабыл алууга көмөктөшүү боюнча келишим түзүлүп, жаран тарабынан 87 миң сом төлөнгөнү аныкталган.

Арыз ээси кызматтар толук көрсөтүлбөгөнүн билдирип, төлөнгөн каражатты кайтарып берүү талабын койгон.

Кайрылууну кароонун алкагында тараптардын катышуусунда жыйындар өткөрүлүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарандык мыйзамдардын талаптары түшүндүрүлгөн.

Жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан аткаруучуга керектөөчүнүн укуктарын бузуу фактыларын жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Натыйжада жаранга 87 миң сом толук кайтарылып берилди.

Кызмат жарандарды билим берүү, консультациялык жана ортомчулук кызматтары боюнча келишим түзүүдө анын шарттарын дыкат кароого чакырат. Айрыкча кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү, тараптардын жоопкерчилиги жана акча каражаттарын кайтаруу тартиби так көрсөтүлүшү керектиги белгиленет.

Ошондой эле "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, керектөөчү аткаруучунун иш жүзүндө кеткен чыгымдарын төлөө менен келишимден каалаган убакта баш тартууга укуктуу экени эске салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн