Чүйдөгү "Осмон" ирригациялык системасын жаңылоо иштери аяктады

Чүйдөгү "Осмон" ирригациялык системасын жаңылоо иштери аяктады

Чүй облусунун Чүй районунда "Осмон" ирригациялык системасын реабилитациялоо жана модернизациялоо боюнча негизги иштер аяктады. Долбоор сугат суусун жеткирүүнү жакшыртууга жана сугаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында каналдын реабилитациясынын жыйынтыгы менен таанышты.

1937-жылы пайдаланууга берилген "Осмон" магистралдык каналы учурда 4 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздап келет.

Долбоордун алкагында ири көлөмдөгү курулуш жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле фермерлерди жана суу пайдалануучулар ассоциацияларын колдоо максатында 66га жакын окуу тренингдери уюштурулуп, аларга 1650дөн ашуун адам катышты.

Мындан тышкары заманбап агротехнологияларды жана сугат ыкмаларын жайылтуу үчүн демонстрациялык аянттар түзүлүп, 8 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.

Ирригациялык системаны натыйжалуу пайдалануу үчүн Чүй райондук суу чарба башкармалыгына атайын техникалар, жабдуулар жана кызматтык унаалар берилди.

Адистердин айтымында, долбоор сугат суусунун жоготууларын азайтып, суу жеткирүүнүн туруктуулугун жогорулатууга жана аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн