Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты.

Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана кыргыз-поляк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү