Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык көзөмөл системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле WOAH уюмунун эл аралык стандарттарын ишке ашыруу, ветеринардык инфраструктураны жакшыртуу жана техникалык-эксперттик колдоону кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Адилет Сотовалдиев WOAH менен кызматташтык өлкөнүн ветеринардык кызматын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, уюмга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Эммануэль Субейран Кыргызстанда жаныбарлардын саламаттыгын коргоо системасын чыңдоого көмөк көрсөтүү улантыларын айтты.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты ­­­–  жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыз

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Сухомлинов, Руставели

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.  Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы 24,7 тонна пияз текшерүүгө

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген препараттардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок айрым категориядагы