Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине жаңы заманбап сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки 10 гектар аянтты камтыйт.

Долбоордун алкагында тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, парк заманбап стилде жасалгаланат. Ошондой эле аймакка жайкы театр куруу пландалууда.

Учурда объектте 30дан ашуун техника иштеп, таман-таш төшөө, бак-дарактарды иретке келтирүү жана асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү