Росиядагы мигранттардын көйгөйүн чечүү жолдору каралды

Росиядагы мигранттардын көйгөйүн чечүү жолдору каралды

25-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Сагынбаев Москва шаарынын “Көп функционалдуу миграциялык борбору” мамлекеттик бюджеттик мекемесинин башкы директору А.Игантов, ошондой эле Москва шаарынын экономикалык саясат жана өнүктүрүү департаментинин миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Е.Кугаков менен жолугушту.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин белгилешинче, тараптар Кыргызстандын жарандары тарабынан милдеттүү манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык кароодон өтүү тартибине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле К.Сагынбаев аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эмгек министри К.Сагынбаев россиялык тарапка бул аймакта эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу кызматын санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар маалыматтык кызматташтык жаатында өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды

Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү

Банктарда шектүү эсептерди тоңдуруу системасы сыналууда