Ысык-Көлдөн 3100 метр мыйзамсыз тор жана 60 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3100 метр мыйзамсыз тор жана 60 кг таштанды чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү тилкесинде кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган жалпы узундугу 3100 метрди түзгөн балык уулоочу торлор табылып чыгарылды. Мындан тышкары, жээк тилкесин тазалоо иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирген 60 килограммга жакын тиричилик таштандысы чогултулуп чыгарылды.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – Ысык-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана көл жээгинин тазалыгын камсыз кылуу болуп саналат.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого, айлана-чөйрөнү булгоого жана жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузууга каршы көзөмөлдү мындан ары да күчөтүп, профилактикалык жана рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзө берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды

Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү

Банктарда шектүү эсептерди тоңдуруу системасы сыналууда

Органикалык өндүмдөрдү адаштыруу менен саткандарга айып пул салынат