Бишкектеги Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Бишкектеги Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Достук айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап билим берүү мекемеси салынат.

Жаңы мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, азык-түлүк сактоочу кампалар, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Учурда курулуш аянтында негизги иштер активдүү жүрүп, үчүнчү кабаттын колонналары орнотулууда. Куруучулар ишти ыкчам бүтүрүү максатында эки нөөмөт менен эмгектенип жатышат.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, окуучу орундардын жетишсиздигин жоюуга жана балдардын заманбап шартта билим алуусуна өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,