Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстанда 2,7 млн ашык бала жашайт

Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстанда 2,7 млн ашык бала жашайт

Кыргызстандын калкынын  үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы (37 %) 0-17 жаштагы балдар түзөт. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Улуттук статистика комитети өлкөдөгү балдар тууралуу кызыктуу маалыматты жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкынын жаш курактык түзүмүндө балдардын үлүшү жогору бойдон калууда. 2026-жылдын башына карата өлкөдө 0 жаштан 17 жашка чейинки 2 млн 730 миң бала катталган. Алардын 1 млн 403 миңи же 51 % эркек балдар болсо, 1 млн 327 миңи же 49 % кыздар. Өткөн жылга салыштырмалуу балдардын саны 15 миң адамга көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, балдардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Тактап айтканда, балдардын 63 % айылдарда, ал эми 37 % шаарларда жашашат. Аймактар боюнча алганда, балдардын эң жогорку үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында катталган. Бул аймактарда балдар жалпы калктын 38-43 % түзөт. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган – 24%.

Жаш өзгөчөлүгүнө жараша балдардын 38 % же 1 млн 45 миңи  - 7 жашка чейинкилер бөбөктөр, ал эми 46 % же 1 млн 258 миңи 7-14 жаштагы мектеп окуучулары. 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 427 миң адамды түзүп, жалпы балдардын 16 % барабар.

Өткөн жылы Кыргызстанда 140 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын дээрлик 72 миңи эркек бала болсо, 68 миңден ашыгы кыздар болгон. Төрөлгөн балдардын 55 % 20-29 жаштагы энелерге туура келген.

Билим берүү тармагында да балдардын саны өсүүдө. 2025-жылдын аягына карата өлкөдө 2 миңден ашык мектепке чейинки билим берүү уюму иштеп, аларга 276 миңден ашуун бала барган.

Ал эми 2025/2026-окуу жылынын башында республика боюнча 2,4 миң жалпы билим берүүчү мектепте 1,6 млн окуучу билим алган.


Балдарды коргоонун эл аралык күнү – дүйнөдөгү эң эски эл аралык майрамдардын бири. Аны өткөрүү тууралуу чечим 1925-жылы Женева шаарында балдардын жыргалчылыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган.
Майрам расмий түрдө 1949-жылдын ноябрь айында Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими менен негизделген. Балдарды коргоонун эл аралык күнү алгач ирет 1950-жылы белгиленип, ошондон бери жыл сайын 1-июнда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө майрамдалып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Филиппиндин Манила шаарында 6-октябрда "Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы - 2026" башталды. Аны Азия өнүктүрүү банкы уюштуруп, 8-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Иш-чара "Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек" темасында өтүп, анда социалдык коргоо, адамдык капитал жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланууда.

Ишкер Media
Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Бүгүн Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Руслан Татиков жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты. Анда Smart-Ed долбоорунун

Ишкер Media
Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү. Бул тууралу "Биринчи радиого" "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын Бишкек электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Алмаз Кенесариев билдирди. Кенесариевдин айтымында Бишкекке дагы төрт 110 киловольттук электро станция курулду. "Бишкекте электр энергиясын колдонуучу

Ишкер Media
Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда курамында никотин бар 2 497 даана чайноочу аралашма (снюс) табылган. Анын баасы 1 млн 200 миң сомдон ашат. Факты боюнча акт түзүлүп, материалдар

Ишкер Media