Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана заманбап технологияларын сунушташты.

Көргөзмөнүн алкагында курулуш, металлургия, машина куруу, энергетика, химия жана фармацевтика тармактарындагы инновациялык долбоорлор жана өндүрүштүк чечимдер тааныштырылды. Ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, көргөзмө тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнөр жай тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп берди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык көргөзмөсү өнөктөштөрдү издөө, инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр менен аймактар аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине катышууда. Агенттиктен билдиришкендей, жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында инвестициялык

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан