Кочкордо заманбап спорткомплекс курулуп жатат

Кочкордо заманбап спорткомплекс курулуп жатат

Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап спорткомплекстин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, спорттук объект Президенттин турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1433 чарчы метрди түзөт. Комплексте 230 көрүүчүгө ылайыкталган күрөш жана бокс залдары, машыктыруучулар үчүн кабинеттер, ошондой эле спортчулар үчүн бардык шарттары каралган жатак бөлмөлөрү жайгашат.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана аткарылышы Курулуш министрлигинин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Учурда спорткомплекстин курулушу 45%га аяктап, объектте иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине катышууда. Агенттиктен билдиришкендей, жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында инвестициялык

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан