Ысык-Көлдө сел эки адамды басып калды: бир адамдын сөөгү табылды

Ысык-Көлдө сел эки адамды басып калды: бир адамдын сөөгү табылды

5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоо боору урап түшүп, сел сууларына кошулган баткак массасы (оплывина) Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын каптады. Натыйжада эки жеңил унаа — Mercedes Sprinter жана Ford Mondeo ылай алдында калып, алардын ичинде болгон эки адамды сел агызып кеткен.

Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов кырдаалды жеке көзөмөлгө алышты.

Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 291 адам жана 20 даана инженердик техника тартылды. Анын ичинен:
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 149 куткаруучу, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери;
  • Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 80 кызматкер;
  • Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер;
  • Тез жардам кызматынан 12 кызматкер катышууда.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 5-июнь күнү саат 23:35те 2008-жылы туулган У.Т. аттуу жарандын сөөгү табылды. Ал эми экинчи адамды издөө иштери учурда да улантылууда.

Селдин кесепетинен убактылуу жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу кыймыл үчүн кайрадан ачылды.

Учурда жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга