"Ак-Тилек" постунда талаптарга жооп бербеген жүк артка кайтарылды
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" фитосанитардык текшерүү постунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
8-июнда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 35 м³ пиломатериалдарды текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун 3.7-пунктуна ылайык, аталган жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.
Фитосанитардык көзөмөл өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо, карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө жана эл аралык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу