Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине байланыштуу 816 кайрылуу түшкөн

Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине байланыштуу 816 кайрылуу түшкөн

Бишкек шаарында сот адилеттигин чыңдоо жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу маселелерине арналган кеңири талкуу өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө сот системасынын ачыктыгын камсыздоо, адам укуктарын коргоо жана соттук териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө сот тутуму көз карандысыз жана адилеттүү иштеген учурда гана жарандардын мамлекетке жана мыйзамга болгон ишеними бекемделерин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институтунун алдында туруктуу негизде иш алып бара турган мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин жана адвокатуранын өкүлдөрү кирди.

Жумушчу топ соттук териштирүү укуктарын коргоо боюнча жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыгат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна сот иштерине байланыштуу 816 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 572 кайрылуу сот процесстерине мониторинг жүргүзүү өтүнүчтөрүнө тиешелүү болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын