"Келечек үчүн билим берүү" долбооруна 6,36 млн доллар бөлүнөт

"Келечек үчүн билим берүү" долбооруна 6,36 млн доллар бөлүнөт

Президент Садыр Жапаров "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун алкагында Кыргызстанга мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган 6,36 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоо бөлүнөт. Анын ичинен 4,36 млн доллары жеңилдетилген кредит, ал эми 2 млн доллары грант түрүндө берилет.

Долбоор мектеп жашына чейинки балдарды билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Кошумча каржылоонун негизги максаты – балдарды күн бою сапаттуу кароо жана өнүктүрүү кызматтары менен камсыз кылуу аркылуу үй-бүлөлөр үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Каржылоо өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Кредиттин мөөнөтү 50 жылды түзүп, анын алгачкы 10 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Пайыздык ставка жана тейлөө акысы нөл пайыз деңгээлинде белгиленген.

Бул долбоор өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө, балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media