Кыргызстан менен Беларусь айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен Беларусь айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

5-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тараптар үрөнчүлүк тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Документ селекция, сорт сыноо, үрөн өндүрүү жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо багыттарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле эки өлкөнүн адистештирилген мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана заманбап технологиялар менен алмашуу каралган.

Мындан тышкары, Кыргыз-Беларусь айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен көмөкчү комиссиясынын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюлду. Документ айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринария жана үрөнчүлүк тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларды бекемдейт.

Кол коюлган документтер Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосундагы агрардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүп, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана эки өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине катышууда. Агенттиктен билдиришкендей, жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында инвестициялык

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан