Нурдан Орунтаев "Алтай" шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Нурдан Орунтаев "Алтай" шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан "Алтай" шаарчасындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге долбоордун учурдагы абалы, инженердик даярдоо иштери жана курулуштун этаптары боюнча маалымат берилди.

Нурдан Орунтаев курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана белгиленген графиктин аткарылышын күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле жооптуу адистер тарабынан ар бир курулуш участогу боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, аткарылган иштер тууралуу өз убагында маалымат берилип турушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, министр жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында батирлерди сатуу курулушу активдүү жүрүп жаткан блоктордо гана жүргүзүлүшү зарылдыгын билдирди.

Учурда шаарчанын 600гө жакын блогунда дренаждык системаларды куруу иштери аяктап, пайдубалдарды бекемдөө үчүн арматураларды даярдоо жана орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, "Алтай" шаарчасы 234 гектар аянтты ээлеген ири турак жай долбоору болуп саналат. Долбоордун алкагында 1551 беш кабаттуу турак үй курулуп, жалпысынан 34 миң батир пайдаланууга берилет. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион чарчы метрден ашат.

Шаарчанын аймагында мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милициянын аймактык бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу кызматтарынын борборлору курулат.

Мындан тышкары окуңуз

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын