ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Ош – Эркечтам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан "Муян" каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыкты. Ал тиешелүү кызматтарга жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Алай районунун Гүлчө айылында жана башка калктуу конуштарда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр объектилердеги иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо милдетин койду.

Мындан тышкары окуңуз

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын