Ошто 543 батирлүү “Асман Резиденс №1” комплекси пайдаланууга берилди

Ошто 543 батирлүү “Асман Резиденс №1” комплекси пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс №1” турак жай комплексин жана онлайн форматта Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы жаңы турак жай комплексин ачты.

Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы жарандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктап, өлкөдө калкты жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, учурда мамлекеттик ипотекалык программалардын алкагында өлкө боюнча 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ош облусунда жалпысынан 2044 батирлүү үч турак жай комплекси курулса, Ош шаарында 5518 батирди камтыган төрт ири турак жай комплексинин курулушу уланууда.

Алардын бири болгон “Асман Резиденс №1” комплекси сегиз блоктон турган 12 кабаттуу заманбап турак жай болуп саналат. Комплексте жалпысынан 543 батир жайгашкан. Мындан тышкары, жер алдындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктура каралган.

Мамлекет башчысы белгилегендей, комплекстин курулушу баштапкы планда каралган мөөнөттөн мурда бүткөрүлдү. Ал куруучуларга, инженерлерге жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлерине эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров онлайн режиминде Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы көп кабаттуу турак жайларды пайдаланууга берүү аземине катышты. Долбоордун биринчи этабында 225 батир ээлерине тапшырылса, жыл соңуна чейин дагы 225 батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Президент турак жай курулуштарында сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, бардык кемчиликтер өз убагында жоюлуп турушу керектигин айтты. Ошондой эле жарандарды көп кабаттуу үйлөрдүн инженердик тармактарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы жаңы батир ээлерине ачкычтарды тапшырып, турак жай комплексинин инфраструктурасы менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны