Президент мамлекеттик сыйлыктар боюнча жаңы өзгөртүүгө кол койду

Президент мамлекеттик сыйлыктар боюнча жаңы өзгөртүүгө кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №78 жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобого киргизилди.

Жаңы редакцияга ылайык, "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын жана "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу маселелери мындан ары Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйналышында гана каралат.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Министр болочок жол куруучулардын окуу процесси менен таанышты

Манила шаарында CARTIF макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет