Улуттук университеттин кызматкери кармалды

Улуттук университеттин кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкери Э.у.М.ны акча алып жаткан жеринен кармаганын атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тергөөнүн божомолу боюнча, ал бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамен тапшыруусуна тоскоол болгон жасалма тоскоолдуктарды жаратып, акча талап кылып, кийинчерээк ЖОЖдордун окутуучуларына жана кызмат адамдарына өткөрүлүп берилген. 

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамсыз ишке катышкан башка адамдарды, анын ичинде профессордук-окутуучулар курамын жана университеттин жетекчилерин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты