Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.

Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди, дагы 42 ири объект курулуштун ар кандай этаптарында турат. Ош жана Талас шаарларында заманбап перинаталдык борборлор курулуп жатат, өлкө боюнча ооруканаларды жана бейтапканаларды модернизациялоо улантылууда.

Ошондой эле дары-дармек менен камсыздоо тутумун өркүндөтүү маанилүү багыт бойдон калууда. Жакын арада “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын тиешелүү дистрибьютордук практиканын талаптарына жооп берген заманбап кампасын куруу пландаштырылууда. Бул дары-дармек каражаттарын сактоонун тиешелүү шарттарын камсыз кылууга, логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкты дары-дармек менен камсыздоо тутумун ишенимдүү жана туруктуу кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.