3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Транспорт каражаттары Россия Федерациясынан сатып алынган деген документтердин негизинде мамлекеттик каттоого алынгандыгы аныкталган. Ошону менен бирге Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, бул автоунаалар бажылык тариздөөдөн өткөн эмес, ошондой эле Россиянын ИИМнин каттоосуна алынбаганы жана каттоодон чыгарылбаганы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында эки транспорт каражатынын төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 109 932 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды

Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү

Банктарда шектүү эсептерди тоңдуруу системасы сыналууда

Органикалык өндүмдөрдү адаштыруу менен саткандарга айып пул салынат