Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот
Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы жылдары 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
"Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү орто мөөнөттүү баалоо миссиясы менен Баткен облусуна барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө алар калктуу конуштардагы ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жакынкы жылдары Баткен облусундагы 28 айылдын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болот.