Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.

Ага ылайык:

  • 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5);
  • 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6);
  • 2028-жылы – 20%га (коэффициент – 0,8).

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрына чейин аянты 10 миң чарчы метрден ашкан жер тилкелери үчүн 0,4 коэффициенти колдонулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр курулуш компанияларын жер тилкелерин менчикке сатып алуу жана укуктарын каттоо иштерин аяктоого түрткү берет. Натыйжада батир ээлери техникалык паспортторду жана мүлктүк укуктарын каттоодо жаралган тоскоолдуктардан арыла алышат.

2026-жылдын май айына карата жер тилкелерин сатып алуу боюнча 32 арыз түшүп, анын ичинен 5 жер тилкесименчикке сатылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды