Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери курулууда.

Маалыматка ылайык, учурда Октябрь жана Ленин райондорунда алтыдан, Биринчи Май районунда беш, ал эми Свердлов районунда үч жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Алардын бири — Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө жайгашкан 750 орундуу мектеп. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу билим берүү мекемесинде окуу кабинеттеринен тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана спорт залы болот.

Мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объект жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштерин мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүзгөн. Светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу