"Даяр лицензия сатылат" деген жарыяларга ишенбеңиз – министрлик эскертти

"Даяр лицензия сатылат" деген жарыяларга ишенбеңиз – министрлик эскертти

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды жана курулуш компанияларын лицензияны ортомчулар аркылуу эмес, мыйзамдуу тартипте алууга чакырды. Министрлик социалдык тармактарда тараган "даяр лицензия сатылат" жана "лицензияны тез алып беребиз" деген жарыялардан этият болууга үндөдү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча курулуш лицензиясы сатылбайт жана башка адамга өткөрүлүп берилбейт. Ал лицензияны алган жеке же юридикалык жакка гана таандык.

Мыйзамсыз жол менен алынган же сатып алынган лицензиялар аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт. Ошондой эле даяр лицензияны сатып алган адам анын мурдагы ээсинин карыздарын, салыктык милдеттенмелерин, соттук талаштарын жана башка укуктук тобокелдиктерин да өзүнө алышы мүмкүн.

Учурда лицензия алуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлүп, толугу менен санариптештирилген. Арыздар license.minstroy.gov.kg электрондук платформасы аркылуу кабыл алынат. Бардык талаптар аткарылган учурда лицензия кыска мөөнөттө берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500