МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы аймактардын тургундары үчүн турак жай сатып алуунун жаңы жеңилдетилген механизмин ишке киргизди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, жаңы механизм республиканын бардык аймактарында жашаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Ал Бишкек жана Ош шаарларына жайылтылбайт.

Жаңы шарттарга ылайык, турак жайдын баасынын 30%ы баштапкы төлөм катары төлөнөт. Калган 20%ын жаран батирди алганга чейин өзүнө ыңгайлуу убакта бөлүп төлөй алат. Бул төлөм үчүн белгиленген график каралган эмес.

Батир тапшырылгандан кийин калган 50%ы 15 жылга чейин жылдык 8% үстөк менен төлөнөт.

МИК жарандарды турак жай программалары боюнча кеңири маалымат алуу үчүн компаниянын расмий сайтына же аймактык өкүлчүлүктөрүнө кайрылууга чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды