Оштогу курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Оштогу курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Ош шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплексинде курулуш коопсуздугунун талаптары бузулганы аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компания 200 миң сом айыпка жыгылды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы Ишматов көчөсү 152/1 дарегинде курулуп жаткан 23 блоктон турган беш кабаттуу турак жай комплексин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери техникалык ченемдерди жана коопсуздук талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Атап айтканда, курулуш аянты коргоочу тосмолор менен тосулган эмес, ал эми жумушчулар атайын кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган эмес.

Аталган мыйзам бузуулар үчүн "Буссоль" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, аныкталган кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды