Протездик-ортопедиялык мекемеге 27 видеокөзөмөл орнотулду

Протездик-ортопедиялык мекемеге 27 видеокөзөмөл орнотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде өндүрүш процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана коррупциянын алдын алуу максатында видеокөзөмөл системасы күчөтүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, мекеменин өндүрүштүк цехтерине, кампаларына, административдик бөлүгүнө жана аймагына жалпысынан 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.

Бул система протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессин көзөмөлдөөгө, материалдардын так эсебин жүргүзүүгө, мыйзамсыз аракеттердин алдын алууга жана ички эмгек тартибин чыңдоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, видеожазуулар бейтаптардын жана кызматкерлердин укуктарын коргоого, ошондой эле талаштуу жагдайларды объективдүү кароого жардам берет.

Министрлик белгилегендей, видеокөзөмөл системасы Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык орнотулган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды