Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Талас облусунун Манас районунда эрте бышуучу "Актрис" сортундагы картошканы жыйноо башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сорт район боюнча 550 гектар аянтка отургузулган. Учурда анын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 300 центнерди түзүүдө.

Азыркы тапта дыйкандар картошканы дүңүнөн 30–32 сомдон сатып жатышат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана КММАнын окутуучулары катышты. Конокторго системанын иштөө принциби жана

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.