"Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбооруна кантип катышса болот?

"Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбооруна кантип катышса болот?

Бишкекте "Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбоору уланууда. Анын алкагында жаңы үйлөнгөндөр онлайн катталып, өздөрүнүн атынан борбор калаага дарак отургуза алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Долбоорго катышуу үчүн жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу катталып, дарак отургузула турган жерди тандап, QR-код аркылуу төлөм жүргүзөт.

Долбоордун шарттарына ылайык, жабык тамыр системалуу бак-дарактар 15 500 сом, ал эми ачык тамыр системалуу көчөттөр 7 800 сом турат.

Каалоочулар көчөттү өз алдынча сатып алып да отургуза алышат. Бирок ал белгиленген талаптарга жооп берип, алдын ала "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы керек.

Долбоордун алгачкы катышуучулары "Адинай" паркына көчөт отургузуп, жаңы салттын башталышына негиз салышты. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча кеңештерин беришти.

Долбоор "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясынын демилгеси аркылуу ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана КММАнын окутуучулары катышты. Конокторго системанын иштөө принциби жана

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.