Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддагы төрт ири курулуштун жүрүшүн текшерди

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддагы төрт ири курулуштун жүрүшүн текшерди

Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө ал Манас шаарчасында курулуп жаткан 400 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейинин, 5200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайынын, жаңы муниципалдык базардын жана узундугу 17 чакырымды түзгөн Мундуз–Кыз-Көл унаа жолунун курулуш аянтчаларында болду.

Маалыматка ылайык, "Акылман" президенттик лицейинин курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Окуу комплексин 2026-жылдын жай айларында пайдаланууга берүү пландалууда. Лицейде заманбап окуу корпустары менен катар спорт залы, бассейн, окуучулар үчүн жатакана жана кызматкерлер үчүн турак жай каралган.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев 5200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, жаңы муниципалдык базардын курулушу жана Мундуз–Кыз-Көл автожолундагы иштер каралды. Жооптуу жетекчилерге бардык объектилерде курулуш нормаларын жана долбоордук талаптарды так сактап, иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү милдети коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн