Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон куюучу атайын техника кулап, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, окуя борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №48 даректе курулуп жаткан 20–25 кабаттуу турак жай комплексинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, насостук жабдууну жылдыруу иштери жүрүп жаткан учурда конструкция жылып кетип, техниканын тең салмактуулугу бузулган. Натыйжада бетон куюучу унаа курулуш аянтчасынын сырткы тосмосуна кулап түшкөн.

Окуядан кийин департаменттин адистери жеринде текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "КФ Авангард" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүштү. Натыйжада компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда окуя болгон аймак курчоого алынып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды