Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, компьютердик кабинеттер, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ар бир этаптын аткарылышы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн