Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга айып пул салынып, келтирилген чыгым өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гүз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында жайыт жер мыйзамсыз бузулгандыгы аныкталды.

Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылынын Ы.А. аттуу тургуну өз алдынча болжол менен 300 чарчы метр жайыт жердин асылдуу катмарын сүрдүргөн.

Аталган факт боюнча Президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз жер пайдалануунун алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, протокол түзүлүп, жазма буйрук берилди.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине ылайык, жерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаранга 3 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайыт жердин асылдуу катмарына келтирилген зыян үчүн 68 миң 400 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Учурда бузулган жайыт жерди баштапкы абалына келтирүү милдети жерди мыйзамсыз пайдаланган жаранга жана тиешелүү айыл өкмөтүнө жүктөлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда