Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКЖ — өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана алардын таңгактары колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жооптуу кылган мамлекеттик механизм.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системасына кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Алардын катарына аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар кирет.

ӨКЖ боюнча:

  • импорттоочулар товар өлкөгө киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде утилизациялык төлөмдү төлөшү керек;
  • өндүрүүчүлөр төлөмдү ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейинжүргүзүүгө милдеттүү.
ӨКЖ системасын ишке ашыруу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.

Белгиленгендей, утилизациялык төлөмдөн түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.

Министрлик утилизациялык төлөмдү өз убагында төлөбөгөндөр мыйзамга ылайык административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда