Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экени белгиленди.
Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга, өзгөчө сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Зарыл учурда өзгөчө кырдаалдар кызматынын эскертүүлөрүн көз жаздымда калтырбоо сунушталат.