Нарында заманбап агрохимиялык лаборатория ишке кирет

Нарында заманбап агрохимиялык лаборатория ишке кирет

Нарын облусунда топурактын сапатын аныктоочу заманбап лаборатория 2026-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Илич Марсбек уулу облус башчысы Нурбек Сатаров менен биргеликте Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин имаратында жүрүп жаткан оңдоо жана даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, лаборатория ишке берилгенден кийин дыйкандар топурактын курамын, азыктык элементтеринин деңгээлин жана асылдуулугун так аныктап, жер семирткичтерди илимий негизде колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул айыл чарбадагы түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет.

Учурда Нарын облусунун дыйкандары топурак боюнча лабораториялык корутунду алуу үчүн Бишкек шаарына кайрылууга аргасыз болуп келишет. Жаңы лабораториянын ачылышы менен бул кызмат жеринде көрсөтүлүп, дыйкандардын убактысы менен чыгымы үнөмдөлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган