Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат.

Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут аянтчасы жана көрктөндүрүлгөн аймак жайгашат.

Жер тилкесинин жалпы аянты 0,981 гектарды түзөт.

Спорт комплексинин имараты заманбап курулуш материалдарын жана технологияларын колдонуу менен курулууда. Долбоордо монолиттүү темир-бетон пайдубал, металл каркас, сэндвич-панелдерден жасалган сырткы дубалдар, металл тепкичтер жана металл устундарга орнотулган чатыр каралган.

Курулуш иштерин "Алтрейд" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды