Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, байланыш номери аркылуу ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча да кеңеш берилет.

1210 колл-борбору иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Чалуу өлкөнүн бардык байланыш операторлорунан акысыз.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул