Бишкектеги көйгөйлүү курулуштар жеринен текшерилди

Бишкектеги көйгөйлүү курулуштар жеринен текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте курулушу аяктай элек көйгөйлүү объектилерди кыдырып, үлүштүк ээлери менен жолугушту.

Мэриянын маалыматына ылайык, көчмө жыйын Президенттин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү боюнча тапшырмасынын алкагында өткөрүлдү. Ага Бишкек шаарынын прокурору Канат Насипов, УКМКнын, Бишкек ШИИББдин, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Октябрь районундагы Токомбаев жана Молдокулов көчөлөрүндө жайгашкан курулуш объектилеринин үлүштүк ээлери менен жолугушуу өтүп, көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле жарандардын кайрылуулары угулуп, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун бир нече варианты иштелип чыкты. Тиешелүү жол-жоболор аяктап, зарыл чечимдер кабыл алынгандан кийин анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилери белгиленди.

Жыйындын соңунда Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга прокуратура, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси жана Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте көтөрүлгөн маселелердин чечилишин туруктуу көзөмөлгө алып, мыйзамдын чегинде бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул