Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 250 балага ылайыкталып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулууда. Долбоордо окуу кабинеттеринен тышкары гимнастика залы, логопеддин кабинети жана контакттык зоопарк каралган. Мэр жаңы бала бакчанын маңдайына сквер курууну жана бошогон аймакка дагы бир социалдык объект куруу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Андан соң Айбек Джунушалиев жалпы аянты 35 миң чарчы метрге жакын, 900 автоунаага ылайыкталган 9 кабаттуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу менен таанышты. Ошондой эле жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объекттерди демонтаждоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Мындан тышкары, мэр Жал-29 кичи районундагы (Эко-Сити) спорт комплексинин курулушун көрүп чыкты. Долбоордун алкагында футбол жана балдар аянтчалары, воркаут-зона, бастырма курулуп, аймак жашылдандырылат.

Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы Миңжылкыев көчөсүнүн 1,35 чакырымдык тилкесин реконструкциялоо иштерин да текшерди. Бул жерде туурасы 8 метр болгон жол жана эки тараптуу тротуарлар курулуп жатат. Мэр бак-дарактарды сактоону камсыздоону жана Миңжылкыев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жол чырак орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Айбек Джунушалиев "Көлмө" конушундагы футбол аянтчасын реконструкциялоо жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Көчмө жыйындын соңунда мэр подряддык уюмдарга жана жооптуу кызматтарга курулуш иштеринин сапатын камсыздап, темпин күчөтүүнү жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул