Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин бири болгон №33 С. Алыкулов атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулат. Ал 312 окуучугаылайыкталып, жалпы аянты 3 840 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар каралат.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери активдүү жүрүп жатат. Имараттын чатыры жабылып, ички монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жарандар жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катыша алат

1-декабрдан тарта аскер ардагерлеринин пенсиялары көбөйтүлөт

Чуңкурчактагы "Супара-2" этнокомплексинде өрт чыгып, ашкана жана жыгач боз үй күйдү

Ысык-Көлдөн 20 килограмм таштанды чыгарылды

Бишкекте бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү