Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 40 миң сом айып салынды

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 40 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 2026-жылга карата пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Эшме тилкесинде белгиленбеген жерге ар кандай таштандылар төгүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мындан тышкары, айыл өкмөтүнө тиешелүү кызматтык унаалардын атмосферага чыгарган зыяндуу газдары атайын жабдуунун жардамы менен текшерилди. Натыйжада бир кызматтык унаадан булгоочу газдын көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталып, бул мыйзам бузуу үчүн дагы Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Жыйынтыгында эки мыйзам бузуу боюнча жалпы 40 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп,
көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды

Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда