Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кант шаарындагы “Кант-Тазалык” муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын автотранспорттору атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузганы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 46 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мындан тышкары, Кант шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Октябрь революциясынын 50 жылдыгы көчөсүндө ташталган таштандылар боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык мэриясынын “Кант-Тазалык” мекемесине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык дагы бир протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Жыйынтыгында Кант шаардык мэриясынын "Кант-Тазалык" мекемеси тарабынан тазаланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду