Нарындагы турак жай комплексин куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Тянь-Шань Сити" турак жай комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан турак жай комплексинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптары сакталган эмес.
Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Кенчжоу Куйюань СК LTD" компаниясына карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, компанияга аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды курулуш мыйзамдарын, техникалык регламенттерди жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.


