Бишкек жана Ошто улгайган адамдар үчүн эс алуу борборлору курулат

Бишкек жана Ошто улгайган адамдар үчүн эс алуу борборлору курулат

Ысык-Көлдө пенсионерлер үчүн заманбап эс алуу борбору ачылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымына караганда, борбордо улгайган жарандар бийлеп, йога менен машыгып, шахмат ойной алышат. Ошондой эле эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого бардык шарттар түзүлөт.

Президенттин тапшырмасынын негизинде ушундай эле эс алуу борборлорун Бишкек жана Ош шаарларында да куруу пландалууда. Бул үчүн жер тилкелери буга чейин бөлүнүп берилген.

Алиев белгилегендей, бардык керектүү документтер даяр болгондон кийин курулуш келээрки жылдын жазында башталат. Алгач долбоор Ысык-Көлдө ишке ашырылып, андан соң Ошто жана башка аймактарда да курулат.

Каржылоо пенсиялык фонддон эмес, Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү

Күнүнө 3 млрд сомдун тегерегинде салык чогултулууда

2 мэр жана 3 аким кызматынан алынды

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Акыйкатчы институтуна 10 айда балдардын укугу боюнча 47 кайрылуу түштү