Баткенде 8 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Баткенде 8 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Баткен облусунда жаңы окуу жылынын башталышына карата 8 жаңы билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында жаңыдан пайдаланууга берилген 500 орундуу мектептин ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышты. Ал мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү жана мугалимдердин эмгегин баалоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле облус башчысы билим берүү тармагындагы иштер мындан ары да улантыларын айтып, жаңы мектептин жамаатына белектерин тапшырды жана бир катар мугалимдерди сыйлады.

Маалыматка ылайык, быйыл Баткен облусунда 15 миң 300 бала биринчи класска кабыл алынды. Учурда облустагы 236 мамлекеттик жана 22 жеке менчик билим берүү мекемесинде жалпы 131 миң 543 окуучу билим алууда. Аларга 8 миң 471 мугалим сабак берет.

Билим күнүн утурлай облуста жалпы 8 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Алар:

  • Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында 500 орундуу мектеп;
  • Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Айырбаз айылында 500 орундуу "Кыргызстандын 10 жылдыгы" атындагы мектеп;
  • Баткен шаарынын Аэропорт участкасында 225 орундуу мектеп;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы "Бала Нур" балдар бакчасынын кошумча имараты;
  • Лейлек районунун Тайлан участкасындагы "Ак-Шоола" мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
  • Лейлек районунун Ак-Арык айылындагы 120 орундуу "Бүчүр" балдар бакчасы;
  • Кадамжай шаарындагы "Ыйман" балдар бакчасы;
  • Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы "Үч-Дөбө" балдар бакчасы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media