Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Жаңы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер 1,5 миллионго жакын окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. Республикада жалпы 2374 мектеп иштеп жатат. Анын 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик мектептер.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабынын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантат.

Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барууда. Жаңы окуу жылына карата кесиптик лицейлерге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын 56сы жаңы курулуш болсо, анын 49у мектеп, жетөө бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки мектеп пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media